Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:25

Экоактивисттер Париж келишимине кол коюуну тездетиш үчүн петицияга кол топтоодо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда экологияны коргоо жаатында иш алып барган 19 уюм биригип, Париж келишимин ратификациялоо жараянын тездетүүнү көздөп, тиешелүү петицияга онлайн түрүндө кол топтоодо. Бул тууралуу "Азаттыкка" "MoveGreen" уюмунун өкүлү Мария Колесникова кабарлады. Экоактивист Кыргызстан Париж келишимин ратификациялоо менен көптөгөн артыкчылыктарга ээ болорун түшүндүрдү:

- Биз өнүгүп келе жаткан мамлекет катары бул келишимге кол коюу менен кандайдыр каржылык жардамга үмүт кыла алабыз. Анткени негизи бул келишим абаны булгап жаткан ири индустриялык экономикасы бар мамлекеттерге багытталып, аларды "жашыл экономиканы" өнүктүрүш үчүн ири суммадагы каражат бөлүүгө милдеттендирет. Кыргызстан абаны алардан азыраак булгайт. Ошондуктан биз бул келишимге кол койсок утабыз.

Кыргызстан 2015-жылы Бириккен Улуттар Уюму даярдаган Париж келишимине башка 197 өлкө менен катар кол койсо да бүгүнкү күнгө чейин аны ратификациялай элек. "Париж келишими" деген аталыш менен белгилүү болгон протоколго ылайык баардык мамлекеттер Жер планетасындагы абанын температурасын эки градустан ашык жогорлатууга бөгөт коюп, тиешелүү чара көрүүгө милдеттүү. ​

Кыргызстан Париж келишимин ратификациялабаган 13 өлкөнүн катарында турат. Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстандан башка бардык мамлекеттер бул келишимди ратификациялаган. Петицияга change.org сайтына кирип кол койсо болот. (KR)

XS
SM
MD
LG