Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

НАСА Марска "Инсайт" аппаратын кондурду


НАСАнын инженерлери "Инсайт" аппаратынын Марска конгонуна кубанып жатышат. 26-ноябрь, 2018-жыл.
НАСАнын инженерлери "Инсайт" аппаратынын Марска конгонуна кубанып жатышат. 26-ноябрь, 2018-жыл.

АКШнын Космос агенттиги - НАСА Марска "Инсайт" аппаратын ийгиликтүү кондурду. Калифорниядагы "Ванденберге" аба базасынан учурулган аппарат "Кызыл планетага" 26-ноябрда жетип конду. Бул америкалыктардын Марстагы тогузунчу миссиясы. Буга чейинки бир нече аракет майнапсыз болгон. "Инсайт" Марстын ички түзүлүшүн жана курамын изилдейт. Аппарат планетага конору менен сүрөтүн жиберди.

"Инсайт" Элизий жанар тоосунун түштүк тарабына конду. Аппарат Марста эки жыл жүрөт. Америкалык окумуштуулардын бул миссиядан үмүтү чоң. Алар аппараттын жардамы менен Күн системасындагы планеталар кантип жаралганын иликтесе болорун айтышат. НАСАнын өкүлдөрү "Инсайттын" бардык аспаптарын толук орнотуш үчүн 2-3 ай талап кылынарын билдиришти.

Президент Дональд Трамп АКШда космостук күчтөр түзүлөрүн быйыл жайда жарыялады. Орусияда "Космос күчтөрү" деген аскердик түзүм ​1992-жылы уюшулган, 2015-жылдан тартып "Аэрокосмос күчтөрү" деп аталат.

XS
SM
MD
LG