Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:30

Украина менен Орусия Азов деңизиндеги окуя үчүн бири-бирин айыптоодо


Украинанын деңиздеги аскер күчтөрүнүн башчылыгы Орусияны Азов деңизинде украиналык аскерлерге карата агрессия жасоодо деп айыптап чыкты.

Жекшемби күнү таратылган билдирүүдө Одесса портунан Мариуполго карай сүзүп бараткан украиналык кемеге Орусиянын “Дон” чек ара кемеси чабуул жасап, негизги кыймылдаткычын бузуп кеткени айтылат. Адамдар арасында жабыркагандар жок.

"Орусия өзүнүн зордукчулдугун жана эл аралык укук нормаларын таптакыр тоготпогонун дагы бир ирет көрсөттү" – деп айтылат Украинанын билдирүүсүндө.

Ал эми Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы украиндер орус тарапка тиешелүү жабык акваторияга кирип кетишкенин айтууда.

XS
SM
MD
LG