Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:05

Бишкекти кооздоо ишинде 7 млн. сом зыян келтирилгени такталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарын 2017-жаңы жылга карата жасалгалоо жана кооздоо иш аракеттеринен мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Анда айтылгандай, 2016-жылы ноябрда “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлери жаңы жылда аянтты жана калааны жасалгалоо үчүн мыйзам бузуу аркылуу “GrandPRO” аттуу фирма менен 16 млн. 250 миң сомго келишим түзгөн.

Мындан сырткары “Бишкексвет” ишканасынын кызматкерлери аткарган жумуштар үчүн берилчү 2 млн. 19 миң сом каражат да аталган фирмага которулуп кеткен.

Аткарылган иштердин актысына ылайык, баш калааны майрамдык жасалгалоого кеткен жабдуулар жана жумшалган материалдардын наркы 13 млн. 258 миң 500 сомду түзгөн.

Бирок “GrandPRO” фирмасынын бажы декларациясын текшерген учурда алардын реалдуу баасы болгону 7 млн. 427 миң 900 сомду эле түзгөнү такталган жана 5 млн. 830 миң 600 сом ашыкча коюлган.

Мындай жол менен мамлекетке 7 млн. 849 миң 600 сом зыян келтирилгени аныкталды.

Факт боюнча Бишкек мэриясынын жана “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 304- (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 306- (“КРнын кызыкчылыктарына каршы келген келишимге кол коюу”) беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.

“Азаттык” буга чейин ушул эле “GrandPRO” фирмасы менен “Бишкексвет” ишканасынын 2018-жылга карата жаңы жылдык даярдык туурасында да иликтеп чыккан. Анда майрамдык кооздоо чараларына 15 млн. 767 миң сомго тендер жарыяланып, сынакка катышкан жападан-жалгыз компания - “GrandPRO” ишканасы 15 млн. 580 сомго тендерди утуп алганы айтылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG