Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:28

Иран өзөктүк келишимде мойнуна алган милдеттемелерин аткарууда


МАГАТЭнин башчысы Юкия Амано.
МАГАТЭнин башчысы Юкия Амано.

Иран келишимде көргөзүлгөн өз милдеттемелерин аткарып жатканын Бириккен Улуттар Уюмунун байкоочулары 22-ноябрда кабарлады. Алар бул тууралуу АКШ Тегеранга каршы санкцияларын калыбына келтиргенден бери эки жума өткөндөн кийинки жыйынында айтты.

2015-жылы Иран жана дүйнөнүн алты державасы кол койгон келишимден АКШ президенти Дональд Трамп быйыл май айында чыгып кетип, 5-ноябрда санкциялардын экинчи баскычын күчүнө киргизген.

Иран эгер келишимге кол койгон өлкөлөр, атап айтканда, Франция, Улуу Британия, Орусия, Кытай жана Германия Тегеранга убада кылынган экономикалык жеңилдиктерди сактап калбаса, келишимден чыгарын эскерткен.

Аталган келишимге ылайык, Тегеран талаштуу өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна кийин ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

"Иран өзөктүк куралга байланыштуу өз милдеттемелерин аткарып жатат" деп ырастады башкы кеңсеси Венада жайгашкан Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) 22-ноябрдагы кварталдык жыйынында анын жетекчиси Юкия Амано.

XS
SM
MD
LG