Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:04

Кыргызстанда төрөттөн 45 аял каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2018-жылдын он айында төрөттөн каза тапкан аялдардын саны 45ке жетти. Бойдон алдыргандан кийин каза болгондор да катталууда.

Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан "Төрөт курагындагы аялдар арасында кооптуу бойдон алдыруунун алдын алуу" деп аталган жыйында башкы акушер-гинеколог Раиса Асылбашева билдирди.

Анын айтымында, быйыл төрөттөн жана бойдон алдыруудан каза болгондор көп. Былтыр бир жыл аралыгында 48 аял жашоо менен кош айтышкан. Өлкөдө бойдон алдыруу чар-жайыт жүргүзүлүп жатат жана анын эсеби жок.

Аборт жасаткандардын басымдуу бөлүгүн же 27 пайызын 25-29 жаштагы кыз-келиндер түзө турганы айтылды. (BCh)

XS
SM
MD
LG