Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

Кабулдагы чабуулда 40тай киши набыт болду


Кабулдагы кол салуу болгон жерде, 20-ноябрь, 2018-жыл.
Кабулдагы кол салуу болгон жерде, 20-ноябрь, 2018-жыл.

Баш калаа Кабулда диний кызматкерлер чогулган жерде жанкечти өзүн жардырып, кеминде кырк киши мүрт кетти. Бул тууралуу өлкөнүн расмий мекемелери билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Вахиж Мажроох “Азаттыктын” ооган кызматына айтканына караганда, чабуулда 60тай киши жарадар болду. Жанкечти Мухаммед Пайгамбардын туулган күнүндө өтүп жаткан үйлөнүү үлпөтүнө келгендерди бутага алган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нажиб Даништин маалыматы боюнча жардырууну жанкечти ишке ашырган. Анын эсебинде, жарадарлардын саны “50дөн көп”.

Каргашалуу окуя болгон мейманкананын башкаруучусу Уран жанкечти чогулган элдин чок ортосуна барып жарылганын көргөн.

Азырынча кыянаттыкты ким жасаганы белгисиз. Бул кол салуу ооган баш калаасында соңку айларда орун алган эң кандуу чабуул болду.

“Талибан” кыймылы жана “Ислам мамлекети” террордук тобу мындай кол салууларды айыптап келген.

XS
SM
MD
LG