Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Йеменде хусит согушкерлери ракеталык соккуларын токтотушту


Ходейда порту. 5-август, 2018-жыл.
Ходейда порту. 5-август, 2018-жыл.

Хуситтердин билдирүүсүнө караганда, алар Саудия баштаган аскердик коалицияга ракеталар жана дрондор менен сокку урушун Бириккен Улуттар Уюмунун өтүнүчүнө ылайык токтотушту. Хуситтердин Жогорку революциялык комитетинин башчысы Мохаммед Али ал-Хусинин билдиргенине караганда, ракеталык соккуларды токтотуу чечими алар БУУнун чабарманы Мартин Гриффитске байланышкан соң кабыл алынды. Мунун алдында Саудия баштаган коалиция да өз күчтөрүнө Йемендин Ходейда портуна чабуулун токтотууга көрсөтмө берген эле.

БУУ азыр Йемен боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого аракет кылууда. Акыркы ирет андай аракеттер быйыл сентябрда ишке ашпай калган.

Йемендин өкмөтчүл күчтөрү жана Сауд Арабиясы баштаган коалиция Ходейда шаарын жана портун хусит козголоңчуларынан тартып алууну максат кылган ири аскердик операциясын быйыл 13-июнда баштаган эле. БУУнун эсебинде, андан бери Ходейдадан бери дегенде 445 миңдей киши качып чыкты.

Кызыл деңиздин жээгиндеги Ходейда порту аркылуу Йеменге өлкө калкы муктаж азык-түлүк менен гуманитардык жардамдын 80% кирет. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Йемендеги абалды дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризис деп эсептөөдө.

Йемендеги азыркы аскердик чатак 2014-жылдын соңунда тутанган. Жергиликтүү шиит жамааты жана "Иран колдойт" деп эсептелген хуситтер өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн, борбор шаар Сананы 2015-жылдан бери ээлеп турушат. Сунни араб мамлекеттеринин Сауд Арабиясы баштаган коалициясы Йемендин президенти Абд-Раббу Мансур Хадинин өкмөтүнүн бийлигин калыбына келтирүү боюнча аскердик өнөктүктү 2015-жылдын март айында баштаган. Бирок алар көздөгөн максатына жетише элек.

Буга чейин Йемендеги аба соккулары менен уруштардан 10 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганы айтылып келчү. Бирок аскердик жаңжалдарга көз салган көз каранды эмес ACLED ("Armed Conflict Location & Event Data Project") уюму 10-ноябрда бул боюнча өз эсебин жарыялады. Ага ылайык, Йеменде 2016-жылдан бери эле жайкын тургундар менен согушкерлерди кошо эсептегенде 57 538 кишинин өмүрү кыйылды, ал эми согуштун 2015-жылдагы алгачкы тогуз айынын курмандыктарын кошкондо бул сан 70-80 миңге жетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG