2018-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирген жаңы токтомго ылайык, Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы чет жакта каза болгон 127 жарандын үй-бүлөлөрүнө 50 миң сомдон жөлөкпул берди. “Жүк 200” боюнча өкмөттүк жөлөкпулдун жалпы суммасы 6 миллион 350 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын маалымат борборунун жетекчисинин орун басары Алмаз Алыбаев билдирди.
Алыбаевдин айтымында, эки кайрылуу боюнча комиссия жөлөкпул берген эмес. Анткени биринчисинде каза болгон адам Орусиянын жарандыгын алганы аныкталган. Ал эми экинчисинде өкмөттөн каражат алуу жөнүндө арыз үч айлык мөөнөттө тапшырылган эмес.
Кыргыз өкмөтү 2018-жылы 26-майда кабыл алган №236 токтомго ылайык, чет өлкөдө каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүүгө 50 миң сомдон жардам берилип жатат. Мындай жөлөкпулду алыш үчүн жарандын каза болгонун тастыктаган расмий маалымдама, паспорт жана жардам алуучу адамдын туугандыгын аныктаган документ болушу керек. Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы “жүк 200” боюнча өкмөттүк жөлөкпул алууга Бишкекте Токтогул көчөсү, 237 жана Ошто Ленин көчөсү, 221 даректерине кайрылууга чакырат.
Расмий маалыматтарга караганда жыл сайын чет өлкөдөн үч жүзгө жакын “жүк 200” келет. Орто эсеп менен азыр учак аркылуу “жүк 200дү” жөнөтүш үчүн 30-50 миң рубль, ал эми ритуалдык кызматка 10-20 миң рубль керектелет. Акыркы жылдары сөөк жеткирүү мүшкүлү жалаң эле Орусия эмес, башка мамлекеттерде, айрыкча Түркияда иштеген мигранттарга да тиешелүү болуп калды. (LzT)