Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:45

Дүйнө чемпиону Каныбек Осмоналиевдин 65 жылдыгы белгиленет


Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

Совет мезгилинде Олимпиадада алтын медаль алган спортчу Каныбек Осмоналиевдин 65 жылдыгы өтөт. Мааракеге карата оор атлетика боюнча эл аралык турнир болот. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдады.

Мелдеш 25-29-ноябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында өтөт. Ага өлкөнүн аймактарынан сырткары коңшу мамлекеттерден спортчулар, сыйлуу коноктор чакырылды. Турнирди Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекция, Улуттук олимпиада комитети жана Кыргызстандын Оор атлетика федерациясы уюштуруп жатат.

Быйыл 65 жашка чыккан Каныбек Осмоналиев 1980-жылы Орусияда өткөн Олимпиадада алтын медаль тагынган. Ошондой эле ал бир катар эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды алып келген. (TSh)

XS
SM
MD
LG