Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

2019: Бюджеттеги өзгөчөлүктөр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттары 2019-жылдагы өлкө бюджетинин долбоорун талкуулап жатышат.

Келерки жылдын бюджети эмнеси менен айырмаланат? Мамлекеттин каражаты максаттуу бөлүштүрүлүп жатабы? Казынанын көбү эмне үчүн социалдык колдоого жумшалууда?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин Бюджет комитетинин төрагасынын орун басары Улан Примов, финансы министринин орун басары Улук Карымшаков жана экономика боюнча эксперт Эркин Абдразаков катышты.

“Азаттык”: Улук мырза, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын бюджети боюнча мыйзам долбоору республикалык бюджеттин узак мөөнөткө туруктуулугун камсыз кылуу жана натыйжалуу башкаруу максатында иштелип чыкканын айтууда. Келерки жылдын бюджети эмнеси менен айырмаланат?

Улук Карымшаков: 2019-жылдын бюджетинде негизги алты өзгөчөлүк бар. Биринчиси - ар бир министрликте же мекемеде бюджетти бөлүштүрүүчүлөрдүн укугу кеңири болот. Экинчиси - биз экономикалык классификациялардын санын азайтып жатабыз, алардын саны 61ден 22ге чейин түшөт. Ошентип ар бир бюджеттик мекеме-ишкана каржыны алууда жана колдонууда ыкчамдыкка жетишет, бюрократиялык бөгөттөр азаят.

Мындан сырткары бюджеттин акчасын бир беренеден экинчи беренеге которгондорду жоюп жатабыз. Мурда акчаны квартал-квартал сайын бөлүп турчубуз, азыр андай болбойт, жалпы бир жылга бөлүнөт. Министрликтер менен мекемелер өздөрүнүн артыкчылык берген багыттарына жараша чыгаша-киреше каражаттарын өздөрү бөлүштүрө алышат.

Ошондой эле жергиликтүү бюджеттерди бөлүштүрүү боюнча көп өзгөрүүлөр, жеңилдиктер бар. Жергиликтүү салыктардан түшө турган кирешелердин көлөмүн 2019-жылы 70 пайызга көтөрүп жатабыз, мурда 50 пайыз болчу. Ошонун эсебинен 2 миллиарддан ашык акчаны жергиликтүү бюджеттерге берип жатабыз. 2020-жылы кирешелердин 85 пайызы, 2021-жылы 100 пайызы жергиликтүү бюджеттерде калат.

“Азаттык”: Улан мырза, парламентте депутаттар аймактарды өнүктүрүү, пенсияларды, жөлөкпулдарды көбөйтүү, мугалимдер менен дарыгерлердин эмгек акысын көтөрүү боюнча маселелерди көтөрүп чыгышты. Аны популизм катары кабыл алып жаткандар да бар. 2019-жылы айлык-пенсияларды көтөрүүгө бюджеттин чамасы жетеби?

Өнүктүрүү фондунун күмөн санаткан дымагы

Өнүктүрүү фондунун күмөн санаткан дымагы

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жаңы стратегиясын жарыялады. Ага ылайык, фонд эсебиндеги Орусия өкмөтү бөлгөн каражаттарды насыя катары таратуудан башка инвестицияларды тартууну максат кылууда. Дарегине бир катар сын айтылып келген фонддун мындай жаңычылдыгынан күмөн санагандар арбын.

Улан Примов: Бюджет – биздин өлкөнүн бир жылдык жашоо-турмушун аныктай турган документ. Буга аябай кылдат мамиле керек. Биз депутаттар эл тарабынан коюлган маселелердин негизинде өкмөттөн талап кылып жатабыз.

Тилекке каршы, айлык акыны, башка жөлөкпулдарды көтөрүүгө келерки жылга акча каражаты каралган жок. Жыл ичинде экономикабызга кошумча киреше кирип калса гана көбөйүшү мүмкүн. Болгону 660 миллион сом пенсияны көтөрүү каралууда. Макроэкономикалык жагдайыбыз жакшырып, кошумча каражат пайда болсо, парламент бул маселеге кайрылып, айлык акыны көбөйтүүнү карайбыз.

“Азаттык”: Эркин мырза, кечээ парламентте өкмөт “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамдын негизинде иштебей жатканы сынга алынды. "Ал да бюджеттик программалары аткарууга жардам берет эле" деп жатышат. Дегеле бюджеттин аймактарга жарыгы тийип жатабы?

Эркин Абдразаков: Акыркы жылдары өкмөт календарлык планга ылайык бюджетти кабыл алып келет, бул жакшы көрүнүш. Мындан беш-алты жыл мурда май айына чейин бюджет кабыл алынбай калган учурлар болгон. Программалык бюджетти ишке ашыруу өтө кыйын, аны этап-этабы менен ишке ашыруу керек.

Аймактарды өнүктүрүү боюнча президенттин жарлыгы чыкканына карабай өкмөт аны аткарууда кашаңдык кылып келди. Жыл бүтүп жатат, өкмөт кантип отчет берет, билбейм. Түрткү берүүчү грант же “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк” программасы, мыйзамы менен аймактарда ири долбоорлор ишке ашканын көргөнүм жок.

Аймактардагы көп кыйынчылыктар, бир топ социалдык маселелер бюджеттин эсебинен эмес, чет элдик гранттардын, биздин мекендештер жиберген акчанын жана жергиликтүү элдин каражаттарынын эсебинен чечилип жатат.

Өкмөт "2019-жылга аймактарга 2 миллиард сом бөлүнөт" деп жатпайбы. Ал акча - түшсө, чогулса гана бөлүнчү акча, ал жөн эле тилек, божомол деп түшүнүш керек. Бизде бажы салыгын көбөйтүү жаатында, фискалдык саясатта катуу иш болбосо бюджетти жакшыртуу кыйын. Көмүскө экономиканы ачыкка чыгарышыбыз керек, бул да бюджетти толтурмак.

Крыловдун айтылуу тамсилиндей болбой бюджетти толтуруу боюнча бирдиктүү саясат жүрүш керек. Аны ишке ашырууда Финансы министрлигинин орду чоң. Мындан сырткары, мамлекеттик сатып алуу тармагында коррупция гүлдөп, бюджеттин акчасы чачылып жатат.

Тендерди өткөрүүдө көптөгөн мыйзам бузуу болгону үчүн канча адамдар сурак берип эле жүрүшөт. Канча тендерлер мөөнөтүндө өтпөй калууда, мамлекеттин акчасы убагында, максаттуу иштетилбей калууда деген сөз. Ушуга окшогон башаламандыктан арылуу зарыл.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

2019-жылы бюджет кандай болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:57 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG