Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:25

Европарламент: Молдова олигархтардын барымтасында калды


Европа парламентинин олтуруму.
Европа парламентинин олтуруму.

Европа парламенти Молдованы кескин сынга алган резолюцияны 14-ноябрда басымдуу көпчүлүк добуш менен жактырды. Резолюцияда белгиленгендей, Молдова азыр “олигархтардын кызыкчылыгы ээлеп алган мамлекетке” айланды.

Документте ага катар Молдовада “демократиялык стандарттар артка кете баштаганына”, өлкөдө “жарандык коом үчүн мейкиндик мурдагыдан да тарыганынын белгилери бардыгына” тынчcыздануу айтылган.

Европарламент ошондой эле расмий Кишиневго Молдова менен Евробиримдик 2016-жылы кол койгон “ассоциация келишиминде”, виза режимин жеңилдетүү боюнча 2014-жылкы макулдашууда аларды токтотуп койгудай жоболор бардыгын, өлкөгө каржылык жардам 2019-жылдын февралындагы парламенттик шайлоо эл аралык стандарттарга шайкеш өттү деп табылса гана берилерин эске салды.

Евробиримдиктин аткаруучу органы - Еврокомиссия быйыл жыл башында Молдовада демократиялык кырдаал начарлаганын жүйө кылып, өлкө берилүүчү 100 миллион евро каржылык жардамдын биринчи траншын токтотуп койгон. (UE)

XS
SM
MD
LG