Башкы прокуратура 13-ноябрда Бишкектин Ленин райондук сотунун төрагасы катары иштеп жаткан Кубанычбек Касымбеков баштаган бир нече адамга кылмыш ишин козгогонун кабарлады.
Касымбековго иш ал мурда Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунда иштеп жүргөн учурдагы чечимине байланыштуу козголгон.
Прокуратуранын маалыматы боюнча, Касымбеков кылмыш иши токтотулган жаранга мыйзамсыз түрдө айыптаган өкүм чыгарган.
Кийин Жалал-Абад облустук сотунун чечими менен райондук соттун мурдагы өкүмү жокко чыгарылган.
Буга байланыштуу Касымбековго Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 328-беренеси ("Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу") иш козголду.
Учурда бул ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы иликтеп жатат.
2015-жылдан бери борбордун Ленин райондук сотунун судьясы болуп иштеп келген Кубанычбек Касымбеков мурдагы баш прокурор Аида Саляновага козголгон кылмыш ишти кароо маалында коомчулукка таанылган.
Судья өзүнө козголгон иш тууралуу комментарий бере элек.
Бул кылмыш иш боюнча талкуу аяктай электе Башкы прокуратура Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Айнагүл Жоробековага козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлгөнүн кабарлады.
Айнагүл Жоробекова 2017-жылдын 14-сентябрында үч киши каза болгон жол кырсыгы боюнча кылмыш ишин кароо учурунда кабыл алган чечими үчүн айыпталып жатат.
Ал шектүүнү жети жылга кескен айыптоо өкүмүн чыгарып, бирок жазаны аткарууну шарттуу түргө которуп, жумшартып салганы көрсөтүлгөн.
Башкы көзөмөл органдын маалымат катчысы Наргиза Куватованын айтымында, судьяга козголгон кылмыш ишин Бишкектин Биринчи май райондук соту карамакчы:
- Жалпылап айтканда, аталган судьянын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында жабырлануучулардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн укуктары бузулган. Бул кылмыш иши быйыл 30-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү.
Буга чейин Жоробекованы кылмыш иши козголгон учурда президент Сооронбай Жээнбеков судьялык кызматтан бошоткон.
Муну менен катар Башкы прокуратура Соттор кеңешинин тартип комиссиясына декларацияда мүлкүн жашырган сотторго чара көрүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылды. Азырынча канча судья мүлкүн жашырганы боюнча маалымат ачык айтыла элек.
Судьяларга кылмыш ишин козгоп, жоопко тартуу аракетин Кыргызстанда өтө ачуу сындардын бутасына айланган сот системасын тартипке салууга кадам катары баалагандар чыкты.
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам бузган соттор жоопко тартыларын бир нече жолу эскерткен.
Буга байланыштуу сотторго карата акыркы аракеттерди президенттин өзгөрүү үчүн жасаган далалаты катары аташууда.
Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев акыркы кылмыш иштерин коомчулуктун талабы менен түшүндүрдү:
- Биринчиден, ким гана болбосун мыйзам бузса, ал жооп бериши керек деген түшүнүктүн негизинде жүрүп жатат өңдүү. Сот болуп эле мен каалаган чечимимди чыгара алам, ал үчүн жооп бербейм деген туура эмес. Ушул түшүнүктү токтотуп, кайсы учур болбосун мен жооп берип калам деген пикирди калыптандыруу маанилүү. Бирок бул иштерди козгоодо ачык-айкындыкты камсыздап, тергөөнү мыйзам чегинде жүргүзүү зарыл.
Негизи кыргыз мыйзамдарына ылайык, соттор кол тийбестикке ээ. Баш мыйзамдын 94-беренесине ылайык, судья кылмыш үстүндө кармалгандан тышкары учурларда кармалууга же камакка алынбашы керек.
Буга чейин дал ушул жободон пайдаланып, өлкөдө соттордун өзүм билемдиги күчөдү деген пикирлер айтылып келген.
Буга байланыштуу мыйзамсыз чечим чыгарган судьяларга жоопкерчиликти күчөтүү талабы көтөрүлүп жүргөн.
Ошол эле маалда чыгарган чечими үчүн сотторго кылмыш ишин козгоо опурталдуу экенин айрым эксперттер эскертип келет.
Сот системасы президентке көз каранды катары сыпатталган Кыргызстанда бийликтин сөзүн укпаган судьялар дал ушундай тагдырга туш болушу мүмкүн экенин белгилегендер бар.
Буга чейин мыйзам бузган соттордун "кара тизмесин" түзүп келген укук коргоочу Рита Карасартова судьяларды кылмыш жоопкерчилигине тартууда кылдат мамиле зарылдыгын билдирди:
- Кээ бир учурда муну "кампанейщинага" айлантып жиберген учурлар болот. Мына биз сотторду жоопко тарта баштадык, кылмыш ишин козгодук деп жарыялаганы менен андагы иштер өтө олуттуу деле болбой калышы мүмкүн. Ошол эле учурда олутуу каталарды кетирип, бирок бийликтин айтканынан чыкпагандарга көз жуумп калган учурлар болот. Ошондуктан, биз акыркы кырдаалга көз салып турабыз. Азырынча бизге ачык маалыматтар берилбей жатат.
Чынында эле кылмыш иши козголду деп айрым соттордун иши эмне болгону азыркыга чейин беймаалым.
Маселен, Башкы прокуратура “кылмыш иши козголду” деп жарыялаган Жогорку соттун үч судьясына байланышкан иш эмне болгонун, алар кайсы судьялар экенин ачыкка чыгара элек.
Үч судьяга кылмыш ишинин козголушуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындап ыр жазган көзү азиз акын Темирлан Ормуковдун бөгөт чарасын кароо судьялар тарабынан кечиктирилиши негиз болгону айтылган.
Ормуков муну "негизсиз" деп баалап, аны соттогон жана мыйзамсыз абакта кармаган сот-прокурорлор башкалар экенин айткан. Ошондон бери бул иштин аягы эмне болгону белгисиз.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.