Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:52

CNN Ак үйдү сотко берди


Журналист Жим Акоста, Ак үйдүн кызматкери жана президент Дональд Трамп, 7-ноябрь 2018-жыл.
Журналист Жим Акоста, Ак үйдүн кызматкери жана президент Дональд Трамп, 7-ноябрь 2018-жыл.

Америкадагы CNN кабелдик телеканалы өз кабарчысы Жим Акостанын аккредитациясын жокко чыгарганы үчүн Ак үйдү сотко берди. Телеканал 13-ноябрдагы билдирүүсүндө Ак үйдүн чечими пресса эркиндиги боюнча Конституция кепилдеген укукту буза турганын жүйө келтирди:

"Биз бул соттон Жимдин аккредитациясын калыбына келтирүү боюнча дароо аткарылышы керек болгон чечим чыгарууну өтүндүк. Бул арыз CNN жана Акостага гана тиешелүү болсо да, мындай жагдайга каалаган адам туш болушу мүмкүн. Эгер ушул бойдон калтырылса, Ак үйдүн аракеттеринин коркунучтуу кесепети биздин шайланган расмий адамдарыбыздын ишин чагылдырган ар бир журналистке тийиши мүмкүн", - деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.

Ак үй Акостанын аккредитациясын 7-ноябрда президент Дональд Трамптын маалымат жыйынында болгон окуядан кийин токтоткон. Жыйын маалында Трамп менен Акостанын ортосунда кайым айтышуу болгон.

Трамптын басма сөз катчысы Сара Сандерс тараткан маалыматка караганда, Жим Акоста Ак үйдүн кызматкерине микрофонду карматпай, башкалардын суроо беришине мүмкүнчүлүк берген эмес жана "күч да колдонгон". CNNдин жетекчилиги президенттин аракетин сындап, өз кабарчысын колдогон.

Бул окуя Акоста менен Трамптын биринчи тирешүүсү эмес. 2017-жылдын башында, ал кызматка кирише элек кездеги басма сөз жыйынында да Трамп "CNN жалган маалымат таратат" деп, журналисттин суроолоруна жооп бербей койгон.

CNN телеканалынын сотко кайрылганы боюнча Ак үй азырынча маалымат бере элек.

XS
SM
MD
LG