Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Сауд Арабиясы мунай өндүрүшүн азайтарын жарыялады


Саудиянын мунай министри Халид ал-Фалих.
Саудиянын мунай министри Халид ал-Фалих.

Сауд Арабиясы дүйнөлүк рынокту кайрадан тең салмактоо жана мунайдын чукул арзандап кетишинин алдын алыш үчүн өзүнүн мунай өндүрүшүн азайтарын жарыялады. Саудиянын мунай министри Халид ал-Фалих 12-ноябрда Абу-Дабидеги жыйында сүйлөгөн сөзүндө буга АКШнын Иранга каршы соңку санкцияларында айрым өлкөлөргө Тегерандан мунай импорттоого жеңилдик берилгенин жүйө келтирди.

5-ноябрда АКШнын Ирандын мунай тармагын да бутага ала турган кезектеги санкциялары күчүнө кирген. Бирок Вашингтон Кытайды, Индияны, Италияны, Жапонияны, Түштүк Кореяны, Грекияны жана Түркияны Ирандан мунай сатып алууга байланышкан санкцияны сактоо милдетинен жарым жылга бошоткон. Бул чечимден кийин дүйнөдө мунайдын баасы төмөндөгөнү байкалган.

"Санкциялар рынокту мурда күтүлгөндөй анча деле кемиткен жок", - деди Саудиянын министри Фалих.

Ал расмий Эр-Рияд кийинки айдан тарта мунай өндүрүшүн бир күндө 500 миң баррелге чейин азайтарын белгиледи.

Вашингтондун Тегеранга каршы санкциялары кайра калыбына келгенге чейин Иранда бир күндө 2,5 миллион баррел мунай өндүрүлгөн учурлар (мисалы, 2018-жылдын апрель) болгон. 5-ноябрдагы кезектеги санкциялардан кийин "Ирандын мунай өндүрүшү эки эсе азайышы мүмкүн" деген жоромолдор айтылган.

Мындан улам санкциялар күчүнө кирер алдында Сауд Арабиясы өзүнүн мунай өндүрүшүн күнүнө бир миллион баррелге көбөйткөн эле.

АКШнын президенти Дональд Трамп Сауд Арабиясынын мунай өндүрүшүн азайтуу боюнча чечимин сынга алды. Ал Эр-Рияд менен ОПЕК же Мунай экспорттоочу мамлекеттердин уюму бул кадамга барбайт деп үмүттөнүп турганын, "мунайдын баасы кыйла төмөн болушу керек" экенин 12-ноябрда билдирди.

XS
SM
MD
LG