Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:25

Тажикстан: жыныстык кылмыштарга жаза күчөтүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда бийлик жыныстык зордук-зомбулук үчүн жазаны күчөтөт. Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоору 7-ноябрда парламентке жөнөтүлдү. Ага ылайык, Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” жана “Жыныстык мүнөздөгү зомбулук аракеттери” беренелерине өзгөртүүлөр киргизилмекчи.

Мындан тышкары жыныстык жол аркылуу СПИД жуктургандарга да жазаны күчөтүү боюнча сунуш камтылган.

Учурда өлкөдө жыныстык зомбулукка байланыштуу айыпталгандар үч жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылат. Киргизилгени жаткан өзгөртүүлөрдө 14 жашка толо электерди жана жакын туугандарын зордуктагандарды өмүр бою түрмөгө кесүү каралган.​

Тажикстандык укук коргоочулар зордуктоо үчүн жазаны күчөтүүгө көптөн бери чакырып келишет. Алар зордукчуларга өтө жумшак жаза берилип, айрым кылмышкерлердин иши сотко жетпей жатканын айтышат.

БУУнун баш катчысы Антониу Гуттереш быйыл 3-сентябрда тажик бийлигин жыныстык зордук-зомбулуктун алдын алууга чакырган.

XS
SM
MD
LG