Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:50

Дүйнө лидерлери Францияга жыйналат


Францияда Биринчи дүйнөлүк согушта курман болгон француз аскерине орнотулган эстеликтердин бири.
Францияда Биринчи дүйнөлүк согушта курман болгон француз аскерине орнотулган эстеликтердин бири.

4-ноябрдан тарта Францияда Биринчи дүйнөлүк согуш аяктаганынын 100 жылдыгына арналган иш-чаралар башталды. Анын алкагындагы салтанаттар менен иш-чараларга дүйнө өлкөлөрүнүн сексендей лидери катышат деп күтүлүүдө.

Парижге АКШ президенти Дональд Трамп, Орусия президенти Владимир Путин да барганы жатышат. Трамп менен Путиндин Парижде эки тараптуу сүйлөшүүлөрү да пландалган.

Биринчи дүйнөлүк согуш аяктаганынын жүз жылдыгына арналган бир апталык иш-чаралар 11-ноябрда Парижде, Триумфалдык аркада жыйынтыкталат.

Француз бийлиги учурда өлкө аймагында коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн да билдирди.

Биринчи дүйнөлүк согуштун негизги уруштары Франция менен Бельгиянын аймагында болгон. Анын натыйжасында Осмон, Орусия, Германия, Австро-Венгер империяларынын доору бүткөн.

Бул согушта кеминде 16 миллиондой кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG