Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:03

Каримова музыкалык окуу жайынын директорунун кызматынан бошотулду


Самара Каримова.
Самара Каримова.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бүгүн, 1-ноябрда ырчы Самара Каримованы Ниязаалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору кызматынан бошотту.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Жаманкулов Каримова бул кызматка статс-катчы тарабынан мыйзамсыз жана өзү министр боло электе дайындалганын айткан. Ушундан улам Каримованы кызматка дайындоо тууралуу чечимди жокко чыгарган.

Каримова музыкалык орто окуу жайынын директору болуп дайындалганын аталган министрлик 30-октябрда кабарлаган. Мекеменин маалыматында министр Азамат Жаманкулов алты айлык сыноо мөөнөтү менен ырчыны музыкалык мектепке жетекчи кылып дайындоо тууралуу чечим кабыл алганы айтылган.

27 жаштагы Самара Каримова былтыр "Сулайман-Тоо" музей комплексине жетекчи болуп дайындалып, коомчулуктун катуу сын пикирине кабылган. Ошондон кийин ырчы бул кызматтан баш тартканын жарыялаган эле. (NT)

XS
SM
MD
LG