Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

Төрт коммерциялык банкта жоюлуу процесси жүрүп жатат


Иллюстарциялык сүрөт.
Иллюстарциялык сүрөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда төрт коммерциялык банк жоюлуу процессинде турат. Бул тууралуу парламентте маалымат берип жатып Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеӊиш билдирди. Бирок ал кайсы банктар экенин тактап айткан жок.

Башкы банктын өкүлүнүн айтымында, Кыргызстанда 25 коммерциялык банк бар. Учурда төртөө жоюлуу процессинде, дагы экөө убактылуу администрлөө режиминде турат.

Бүгүн Жогорку Кеӊеште банк иштери боюнча ченемдик укук актыларын өз ара шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Нурбек Жеңиштин айтымында, коммерциялык банк убактылуу администрлөө же жоюлуу процессине туш болгон учурда анын ликвиддик каражаттары жок болсо администратор жана ликвидаторлор Улуттук банктын эсебинен каржыланып, кийин ошол чыгымдар банктын эсебинен кайтарылып алынат. (RK)

XS
SM
MD
LG