Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Жогорку сот Кубанычбек Кулматовду камакта калтырды


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Жогорку сот Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовду үй камагына чыгаруу боюнча анын адвокаттарынын өтүнүчүн канааттандырган жок. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жогорку баскычтагы сот адвокаттардын келтирген жүйөлөрүн эске алган жок. Буга чейин ушул айдын башында Бишкектин Биринчи май райондук соту Кубанычбек Кулматовду 28-ноябрга чейин абакта калтыруу жөнүндө чечим кабыл алган. Бул чечимди шаардык сот күчүндө калтырган.

Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айып коюлган.

Июнь айында Кулматовго 350-346-беренелердин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде экинчи кылмыш иши ачылган.

УКМК аны "1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатат. Азыр ал УКМКнын тергөө абагында отурат. (BkA)

XS
SM
MD
LG