Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:38

ЖЭБдеги авария боюнча айыпталгандар сотко жеткирилди


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария боюнча козголгон кылмыш иштерин кароо Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 26-октябрда уланып жатат.

"Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, жараянга "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын экс-директору Узак Кыдырбаев, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев жеткирилди.

Жараянда журналисттерге сүрөт жана видео тартууга уруксат берилген жок.

Бишкек ЖЭБинде быйыл январда авария болуп, абоненттер катуу суукта бир жума бою жылуулуксуз калгандан кийин ишкананы модернизациялоодо бир катар алешемдиктер кеткени ачыкка чыккан. ЖЭБдеги абалга байланыштуу жалпысынан төрт кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы мекемелердин жетекчилеринен тышкары мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков да “Коррупция” беренеси менен айыпталып, абакта отурушат.​ (NT/BTo)

XS
SM
MD
LG