Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Ооганстанда Чехиянын бир аскери өлүп, экөө жарадар болду


НАТОнун аскерлери Кабулда.
НАТОнун аскерлери Кабулда.

Окуя 22-октябрда Ооганстандын батышындагы Герат провинциясында болгон. Электрондук почта аркылуу таратылган билдирүүдө кол салуу үчүн “Талибан” жоопкерчилик алды.

Бирок НАТОнун Кабулдагы миссиясынын билдирүүсүнө караганда, баштапкы маалыматтар боюнча Ооганстандын өзүнүн коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү кол салган.

Кол салууга Ооганстандагы үч жоокери кабылганын чех армиясы да ырастады. Бул - ооган коопсуздук күчтөрүнүн формасын кийген адамдар эл аралык аскерлерге ок аткан учурлардын эң соңкусу.

Буга чейин, 18-октябрда Кандагар шаарында ооган коопсуздук күчтөрүнүн кийимин кийген адам коопсуздукка жооптуу жетекчилердин жыйынында ок аткан. Анда үч киши, анын ичинде Кандагардын таасирлүү полиция башчысы, анын ичинде генерал Абдул Разак курман болгон.

Бул жыйынга АКШ менен НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн башкы командачысы, америкалык генерал Скотт Миллер да катышкан. Ал жабыр тарткан эмес, бирок жарадар болгон 13 адамдын арасында башка америкалык генерал болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG