Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Икрамжан Илмияновду 28-ноябрга чейин камакка калтырууну чечти.
Ал УКМКнын тергөө абагына жеткирилди.
Биринчи май райондук соту чыгарган токтомго ылайык Икрамжан Илмияновго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-берененин 4-бөлүгү, 2-пункту (Алдамчылык) боюнча айып тагылган. Ал 20-октябрь күнү Орусиядан кармалып, Кыргызстанга таңкы саат 4.30та алынып келинген.
Буга чейин КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Илмиянов мыйзамсыз кармалганын, ага соттон эч кандай чакыруу кагазы келбегенин айтып чыккан.