Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Tрамп: Хашогги чын эле өлтүрүлгөн окшойт


Жамал Хашогги.
Жамал Хашогги.

АКШнын президенти Дональд Трамп саудиялык журналист Жамал Хашогги «чын эле өлтүрүлгөн окшойт» деп билдирди. Бул тууралуу Трамп 18-октябрда Мэриленддеги "Эндрю" авиабазасында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Ал тергөөнүн расмий жыйынтыгын күтүп жатканын, эгерде журналисттин өлүмүнө Сауд Арабиясынын бийлигинин тиешеси аныкталса, анын кесепети Эр-Риядга оор болоорун кошумчалады.

Хашогги быйыл 2-октябрда Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна кирген бойдон дайынсыз. Шаршембиде Түркиянын өкмөтчүл гезиттери "Хашоггини Саудиядан келген баш кесерлер өлтүрүшкөн, денеси мүчөлөнгөн" деп жазышкан. Түрк полициясы 18-октябрда Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунда экинчи ирет тинтүү жүргүздү. Тергөөчүлөр дипмиссияга таандык машинелерди, консулдуктун имаратынын айланасындагы бакты карап чыгышты. Бир нече күн мурун болгон тинтүү маалында ДНК жана башка үлгүлөр алынган.

Бейшембиде консулдун резиденциясында да тинтүү жүргүзүлдү. Консул Мухаммад ал-Отаиби өзү 16-октябрда Түркиядан учуп кеткен.

17-октябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Анкарада түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Хашоггинин тагдырын талкуулаган. Помпео анын алдында Эр-Риядга барып, Сауд Арабиясынын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшкөн.

Хашогги бир жылдай убакыттан бери Америкада жашап жүргөн. Ал “The Washington Post” гезитине Сауд Арабиясынын бийлигин сындаган макалаларды жазчу.

XS
SM
MD
LG