Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Кандагарда АКШ менен Ооганстандын өкүлдөрү жыйын өткөргөн жерде атышуу болду


Кандагардагы коопсуздук чаралары. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Кандагардагы коопсуздук чаралары. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Ооганстандын Кандагар чөлкөмүндө полициянын таасирдүү жетекчиси талибдердин чабуулунан улам мерт болду. Ооганстандын чалгын кызматынын расмий өкүлү радиобуздун ооган редакциясына айтып бергендей, бейшембиде АКШ менен Ооганстандын коопсуздук органдарынын өкүлдөрү жыйын өткөргөндөн кийин губернатордун кеңсесинде атышуу башталган.

Генерал Абдул Разык окко учуп каза болду. НАТОнун маалымат өкүлү АКШнын Ооганстандагы жогорку командачыларынын бири генерал Скот Миллер да жыйынга катышканын, бирок жабыркабаганын билдирди. Атышууда америкалык 2 жаран жарадар болду. Окуянын башка чоо-жайы азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG