Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:25

Жээнбеков сот-укук реформасы тууралуу: Тапшырманы аткармайынча тынч уктайм деп ойлобогула


Сот-укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча кеңешме. 18-октябрь, 2018-жыл.
Сот-укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча кеңешме. 18-октябрь, 2018-жыл.

“Алдыга коюлган маселенин баарын чечмейинче тынч уктайм деп ойлобогула», - деп билдирди бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков сот-укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча кеңешменин жыйынында. Жыйынга сот жана укук тартибин коргоо органдарынын жетекчилери катышты.

"“Сот-укуктук реформа качан ишке ашат?" деп эл күтүп жатат. Биз жарандардын мүдөөсүн жана ишенимин акташыбыз зарыл. Тилекке каршы, айрым мамлекеттик органдар "эч кандай өзгөрүү болбойт, баары мурдагыдай эле калат" деп ойлоп жатышат. Андай болбойт, талаптар күчөйт”, - деди Жээнбеков.

Быйыл май айында Сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында сот-укуктук реформаны тез арада ишке ашыруу маселеси коюлуп, мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилген. (RK)

XS
SM
MD
LG