Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Ислам Каримовго Москвада эстелик тургузулду


Ислам Каримовго орнотулган эстелик.
Ислам Каримовго орнотулган эстелик.

Москванын борборунда бейшембиде Өзбекстандын биринчи президенти маркум Ислам Каримовго орнотулган эстеликтин ачылышы болду.

Эстелик Якиманка округунда саясатчынын аты берилген скверде орнотулган. Радиобуздун кабарчысы ачылыш салтанатына тизмедеги журналисттер гана кое берилгенин, коопсуздук катуу көзөмөлгө алынганын айтып берди.

Иш-чарага Өзбекстан менен Орусиянын бийлик өкүлдөрү катышты. Чыгып сүйлөгөндөр Каримовду "көрүнүктүү инсан" деп атап, өлкөсүн «түстүү революцияга» жеткирбегенин баса белгилеп жатышты.

Быйыл январда орус башкалаасынын Якиманка чөлкөмүнүн депутаттары эстеликти тургузууга каршы болушкан. ЛДПР партиясынын мүчөлөрү "Каримов Өзбекстандагы орус тилдүү калкка каршы агрессивдүү аракет көргөн" деп петицияга кол коюуга үндөп келишкен. Эстелик боюнча референдум өткөрүүнүн долбоорун Москвадагы бийлик четке каккан.

Каримов Өзбекстанды 1989-жылдан 2016-жылга чейин жетектеп келген.

Укук коргоочулар аны эң ырайымсыз диктаторлордун бири деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG