Адвокаттар "мунун артында мүлктү мамлекетке чегерүү аракети болушу ыктымал" деп кооптонуп жатышат.
Бишкек шаардык соту 16-октябрда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыпталып жаткан “Улуттук энергохолдингдин” мурдагы жетекчиси Айбек Калиевдин жарым жыл мурда сатылган батиринин наркын баалаш үчүн ичине кирүүгө уруксат берген райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Адвокат Бактыбек Жумашев Калиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү бир гана үй болгонун, ал таптакыр башка бирөөгө сатылганын билдирип жатат:
- Ал батир Айбек Калиевдин келинчегине катталган болчу. Акча керек болгондуктан батирди жазында эле сатышыптыр. Жалгыз батир, буларда башка үйү жок. Үйдү сатып алган кишинин кылмыш ишине такыр тиешеси жок. Ортосунда тууганчылыгы да жок. Ага карабай тергөөчү “үй аялына тиешелүү” деп туура эмес маалымат берип, соттон кароого уруксат алып алган. Мен батирди жаңы сатып алган адамдын кызыкчылыгын коргоп, шаардык сотко кайрылгам. Эгер мурдараак камакка алып койгондо аны сата алмак эмес. Батирди сатып алып жатканда эч кандай камакка алынган эмес эле. Жаңы сатып алып жаткан кишинин эч күнөөсү жок да.
Жумашевдин айтымында, үйдүн жаңы кожоюндары ак мээнети менен сатып алган мүлкүн "мамлекет алып коебу" деп кооптонуп жатышат.
Шаардык сот ЖЭБ чырына байланыштуу камалган экс-премьер-министр Сапар Исаковдун мүлкүнө байланыштуу да ушундай чечим чыгарды. Сот Исаковдун кайненесине катталган үйдү баалаш үчүн көрүп чыгууга УКМКга санкция берди. Сотко тергөөчүлөр келген эмес.
Адвокат Нурбек Токтакуновдун айтымында, сот жактоочу тараптын жүйөлөрүн эске албай, тергөөчүлөрдүн көрсөтмөсүн укпай эле алардын кызыкчылыгына чечим чыгарып берген. Жактоочу тарап сотту "УКМКнын тапшырмасын аткарып берди" деп сынга алды:
- Сот башкача чечим чыгарышы керек болчу. Тергөөчүлөр өздөрү келип жүйөсүн айтып бербесе деле ошолорду колдоду. Демек бул саясий буюртма. Анткени сот саат 9:00дө баштады, "тергөөчүнү 16:00гө чакырабыз" деп жылдырды. Тергөөчү баары бир келген жок. Сапар Исаковдун аялынын ата-энеси мурунтан эле колунда бар, ирденген кишилер болгон. 1992-жылы эле алар эки үйдүн ээси болгон. Казакстанда тамак-ашты дүңүнөн сатып, ишкерлик менен алектенген. Бул үйлөрдү өздөрүнүн аракети менен табышкан. "Баалап, андан кийин соттон конфискация кылалы" деп жатышканын түшүнүп жатпайбызбы.
Токтакунов учурда сот баалоого уруксат берген мүлктү Исаковдун кайнатасы 1992-жылдары сатып алганын жана ага күйөө баласынын тиешеси жок экенин белгилеп жатат.
УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов тергөөчүлөрдүн мүлктү текшерүү аракети боюнча түшүндүрмө берип, адвокатты "коомдук пикирди башка нукка бурууга аракет кылып жатат" деп күнөөлөдү:
- Адвокат "УКМК сот аркылуу Исаковдун жакындарынын мүлкүн камакка алып, мамлекетке алганы жатат" деп коомдук пикирди башка нукка буруп жатат. Кылмыш ишинин алкагында жоопко тартылып жаткан адамдардын мыйзамсыз байыганы боюнча версия да текшерилип жатат. Бул үчүн Токтакунов коргогон адамдын гана эмес, кылмыш ишинин башка фигуранттарынын да кыймылсыз мүлкү соттун уруксаты менен каралып чыкмакчы.
Сулаймановдун айтымында, мүлктү баалоого көз каранды эмес адистер тартылган. Ал Сапар Исаковдун туугандарына тиешелүү мүлктү камоо жана камакка алуу каралбаганын кошумчалады.
Аялына бизнесин берген аткаминерлер
Аялына бизнесин берген аткаминерлер
Кыргызстанда айрым саясатчылардын, мамлекеттик кызматкерлердин жубайлары жылына миллиондогон сом киреше табары, ири ишкер экени белгилүү.
Кыргызстанда мыйзам мамлекеттик кызматкерлерге ишкерлик менен алектенүүгө тыюу салат. Бирок айрым саясатчылардын, мамлекеттик кызматкерлердин жубайлары ири ишкер экени, жылына миллиондогон сом киреше табары коомчулукта айтылып эле жүрөт. Айрым адистер аткаминерлер мүлкүн, бизнесин жубайларына, жакын адамдарына каттатып койгону менен өздөрү бул чөйрөдөн алыстабай, иштерин өздөрү эле көзөмөлдөй турганын белгилешет.
Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов буларды айтты:
- Практика жүзүндө карап көрсөк эбегейсиз көп уурдаган адамдар өздөрүнүн атына эч качан эч нерсе каттатпайт. Издегенде алар шоопуруна, таяке-жээндерине, башка туугандарына каттатышат. Ошондой негизде издеп жатат го деп божомолдоп жатам. “Менде эч нерсе жок” деп коюп эле... анда Орто-Сай айылынын үстүндөгү миллиондогон доллар чапчып жаткан хан сарайлар кимдики? Ошолордун бардыгы эле эч нерсеси жок таяке-жээндер. Мисалы, Францияда соттордун, укук коргоо органдарынын мүлкүн ошентип издеп, башка жактан таап чыгышат. Ошону "принцип дерева" деп коёт. Дарактай болуп тамырлап кеткен.
Ал эми юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев УКМК абактагылардын мүлкүн карап чыгып, баалоо жагына келгенде аша чапкан кадамдарга барып жатканын белгиледи:
- "Мен сатып алгам, эч нерсе кылган жокмун, тууганчылыгым жок" десе болбой жатышпайбы. Бул биздин укуктук системанын начардыгын көрсөтүп турат. Мурдагы бийликте кандай болсо, бул багытта эч нерсе өзгөргөн жок. Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда ошону колдонгон, Түлеев кармалганда "анын атасыныкын, бир тууган, тиги-мунусунукун конфискация кылабыз" деп. Эгер бүт баары мыйзамдын негизинде болсо, "күйөө баласы үчүн кайнатасы жооп бериш керек" деген мыйзам кабыл алынса, мен да "куугунтук жок, баары мыйзам чегинде жооп бериш керек" деп айтмакмын.
Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) быйыл январда болгон аварияга жана аны модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында “Улуттук энергохолдингдин” мурдагы башчысы Айбек Калиев 18-апрелде, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков быйыл 5-июнда камакка алынган. Экөө тең "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда. Эми бул эки жагдай боюнча адвокаттар Жогорку сотко кайрылууга даярданып жатышат.