Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:19

Өзбекстандын алгачкы АЭСи 11 млрд. долларга салынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев өз өлкөсүнүн Орусия менен АЭС курушун караган келишимди бекитти. Бул тууралуу орусиялык “Интерфакс” агенттиги өзбек президентинин администрациясына шилтеме кылып кабарлады.

Өзбекстандын аймагында Орусиянын атомдук электр станциясын (АЭС) курушун караган келишимди Ташкент менен Москва быйыл 7-сентябрда түзгөн.

Өзбекстандын жаңы салына турган алгачкы АЭСи Бухара шаарынан 25 чакырымдай түндүк-чыгышта, Тудакул суу сактагычынан көп алыс эмес жерде жайгашкан. Болочок АЭСтен алыс эмес жерде Бухара жана Навои өндүрүш зоналары орун алган.

Маалыматка караганда, эки энергоблоктон туруучу АЭСтин курулушун “Росатом” компаниясы жүргүзөт.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, Москва долбоордун акчалай наркын 11 миллиард долларга баалап жатат.

Биринчи энергоблоктун курулушун 2028-жылга барып аяктоо мерчемделүүдө. Баштапкы маалыматтарга караганда, курулушту баштоо салтанатына орус президенти Владимир Путин да катышат. Ал Өзбекстанга 18-19-октябрда барганы жатат.

Долбоор боюнча өзбек АЭСинин кубаттуулугу 2300 мегаватты түзүп, ал толук иштей баштаганда Өзбекстандын электр энергиясына болгон муктаждыгынын 20% камсыз кылышы керек.

Борбор Азиянын аймагында азыр бир да АЭС жок. Атомдук электр станциясын куруу боюнча сүйлөшүүлөр буга чейин Казакстан менен Орусиянын ортосунда да жүргөн. (UE)

XS
SM
MD
LG