Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:53

Сот "Азия Ньюстун" жетекчисин Келдибековго 2 миллион сом төлөөгө милдеттендирди  


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Акматбек Келдибековдун арызынын негизинде “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевди 2 миллион сом доо төлөөгө милдеттендирди. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна Сартбаев өзү ырастады.

Анын айтымында, Акматбек Келдибеков гезитте басылган айрым маалыматтар “кадыр-баркыма шек келтирди” деп, "Азия Ньюска" каршы эки арыз жазган. Экөө тең анын анын пайдасына чечилип, "ар бирине миллион сомдон, жалпысынан эки миллион сом доо төлөнсүн" деген чечим чыккан.

Келдибековдон жана соттон муну тактоого азырынча мүмкүн боло элек. Cартбаев апелляциялык арыз жазабы же жокпу, азырынча айта элек. (SE)

Арсланбек Сартбаевдин "Азаттык" радиосу менен маегин бул жерден угуңуз:

"Азия Ньюстун" баш редактору доого жыгылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:45 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG