Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:02

Трамп Ак үйдө пастор Эндрю Брансонду кабыл алды


Америкалык пастор Эндрю Брансон.
Америкалык пастор Эндрю Брансон.

АКШ президенти Дональд Трамп Анкара менен Вашингтондун ортосундагы дипломатиялык жаңжалга себеп болгон диниятчы Эндрю Брансон менен Ак үйдө жолугушту. Ага журналисттер, президенттик администрация өкүдөрү да катышты. Жолугушуу Брансон келген учак Вашингтондон алыс эмес жерге конгондон көп өтпөй уюштурулду. Трамп диниятчынын бошотулушун жана анын мекенине кайтып келишин АКШ менен Түркия ортосундагы мамилени жакшыртуу үчүн жасалган “чоң кадам” деп баалады. "Reuters" агенттигинин жазганына караганда, америкалык евангелист пастор президенттин алдында тизесин бүгүп, Трамптын урматына дуба кылды.

Түркияда жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери жашаган Эндрю Брансон 2016-жылы октябрда кармалып, тыңчылык жана терроризм боюнча айыпталган. Ал сот залынан бошотулган 12-октябрь күнү эле Түркиядан Германияга учуп кеткен. АКШга 13-октябрда барды.

Түркиялык прокурорлор Брансон АКШдагы түрк диниятчысы, расмий Анкара 2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетинин артында турган адам катары көргөн Фетхулла Гүлен менен карым-катышта болгонун да билдирген.

Америкалык диниятчынын өзү жана АКШнын бийлик өкүлдөрү бул дооматтарды четке кагып келген.

12-октябрда Измир шаарынын соту Брансонду үч жыл бир жарым айга кескен. Бирок ал жазасынын калган мөөнөтүн өтөбөй Түркиядан АКШга кете ала турганы айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG