Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Ооганстанда бомба жарылып, кеминде 12 киши мерт болду


Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Ооганстанда аялдар парламентке ат салышып жаткан шайлоо өнөктүгүнүн учурунда бомба жарылып, кеминде 12 киши өлдү. Алардын арасында аскер кызматкерлери да болгонун ооган расмий өкүлдөрү билдиришти.

Тахар провинциясынын жетекчилигинин басма сөз катчысы Ахмад Жавад Хиджи "Азаттыкка" кабарлагандай, 13-октябрда Рустак районунда болгон бул кандуу калабада каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Аймактын полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Халил Асер жарылуудан кеминде 32 киши жарадар болгонун айтты. Маалыматка караганда, аял талапкер Назифа Юсуфбек шайлоочулар алдында сөз сүйлөрдөн мурда мотоциклге коюлган бомба жарылган. Бул боюнча жоопкерчиликти эч ким алган жок.

Ооганстанда парламенттик шайлоо 20-октябрга белгиленген. Ал эми бомба жарылган Тахар провинциясында талиб жоочулары көп иш-аракеттерге барышат.

XS
SM
MD
LG