Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:26

Кыргызстандын экспорту азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылдын алгачкы сегиз айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү жалпысынан 4 млрд. 276,8 млн. АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5% көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оросбаев Бишкектеги атайын басма сөз жыйынында билдирди.

Ал муну менен катар экспорт 4,9% азайганын, ал эми импорт 15% арбыганын белгиледи.

Оросбаев экспорттун көлөмүнүн кемиши алтынды чет жакка жөнөтүүнүн азайышы менен шартталганын кошумчалады. Ал импорттун көбөйүшү Кыргызстанга кийим, бут кийим, жемиш, кара металл жана транспорт каражаттарын ташып келүү арбыганы менен байланыштуу экенин айтты. (ErN)

XS
SM
MD
LG