Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Депутат Мавлянова кытай туристтеринин пайдасы жөнүндө парламентке эки тасма көрсөттү


Махабат Мавлянова. Сүрөт kenesh.kg сайтыныкы.
Махабат Мавлянова. Сүрөт kenesh.kg сайтыныкы.

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова кытайлык туристтерди тартуунун зарылчылыгы жөнүндө маселени бүгүн парламентте кайрадан көтөрдү. Ал буга чейин айткан сунушунун нукура мааниси Интернеттеги социалдык түйүндөрдө бурмаланып жиберилгенин, мунун артында саясий оппоненттери турушу мүмкүн экенин билдирди:

- Менин жалгыз максатым – кытайлык туристтердин миллиондогон эмес, миллиарддаган акчасынын агымын Кыргызстанга буруу. Мен туризмди өнүктүрүү тууралуу оюмду айткам. Албетте, бул сунуш кылдаттык менен изилденип, мамлекеттин коопсуздугу жагынан, чет элдиктердин кыймыл-аракеттерин көзөмөлдөө маселелери менен чогуу каралышы керек.

Ошону менен катар Мавлянова: “Кашыктап чогулткан ар-намысымды, абийиримди, элге кылган ак кызматымды бир күндө тебелеп-тепсеп жок кылууга аракет кылышты” деп билдирип, кытайлык туристтерди тартуудан дүйнө өлкөлөрү канчалык пайда көрүп жатканы тууралуу эки инфографикалык тасманы көрсөттү.

4-октябрда парламентте сүйлөп жатып Мавлянова Кытайдан келүүчү туристтик топтор үчүн визасыз тартип киргизүүнү сунуш кылган.

Депутат дүйнө жүзүндө туристтердин 30% кытайлар түзөрүн айтып, Казакстан менен Орусия 15 жылдан бери Кытайдан туристтерди визасыз тартипте кабыл алуу жолу менен иштеп келе жатканын кошумчалаган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, 2016-жылы Кыргызстанга 2,9 млн. чет өлкөлүк турист келип кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG