Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

Германия "жардыруу уюштурмак" деген иран дипломатын Белгияга экстрадициялайт


Ирандын туусу.
Ирандын туусу.

Германиянын соту "Парижде Иран оппозициясынын жыйынында жардыруу жасамак болгон" деген шек менен кармалган ирандык дипломатты Еврошаркеттин өтүнүчү менен Белгияга экстрадициялоону колдоду. Бул тууралуу Бавария аймагындагы Бамберг шаарынын аймактык соту 1-октябрда тараткан маалыматта айтылат.

Венадагы Иран элчилигинин кызматкери Ассадулла Ассади Германиянын Ашаффенбург шаарында кармалган. Ал Франциядагы эмигранттардын Иран улуттук каршылык көрсөтүү уюмунун 30-июндагы курултайында жардыруу жасамак деп шек саналууда. Курултайга АКШнын президенти Дональд Трамптын юристи Рули Жулиани да катышкан.

“Шектүү дипломат кол тийбестик укугунан пайдалана албайт. Себеби ал кармалган учурда Иран менен Австрияда кызматтык сапарда болгон эмес. Ал Австриядан башка жерде бир нече күн эс алууда жүргөн” деп айтылат Бамберг калаасынын сотунун 27-сентябрдагы чечиминде.

XS
SM
MD
LG