Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Экс-министр Мелис Турганбаев дүйнө чемпионатында коло медал алды


Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча спорт ардагерлери арасында өткөн дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду.

Македониянын борбору Скопьеде өткөн мелдеште экс-министр 56-60 жаштагы спортчулар арасында 78 килограммга чейинки салмакта күрөшкө чыккан. Ал алгач орусиялык жана украиналык балбандарды жеңип, жарым финалда франциялык ардагер спортчуга утулуп калды. 3-орун үчүн украиналык Сослан Адырхаев менен күрөшүп, 8:0 эсебинде жеңишке жетип коло медал тагынды.

Мелис Турганбаев буга чейин 2016-жылы Польшада өткөн чемпионатта да коло байгенин ээси болгон.

56 жаштагы Турганбаев 2014-2016-жылдары ички иштер министри болгон.

Эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына Кыргызстандан төрт балбан катышууда.

Бүгүн, 29-сентябрда 46 жаштан 50 жашка чейинкилер арасында Кубан Эркимбеков (70 кг.), Чынарбек Изабеков (100 кг.) жана 51-55 жаштагылар арасында Талант Бегалиев (70 кг.) килемге чыкты. Эркимбеков менен Изабеков алгачкы атаандаштарын жеңип, байге үчүн күч сынашуусун улантууда. Талант Бегалиев жарым чейрек финалда жапониялык Такуми Мориге жеңилди. (BkA)

XS
SM
MD
LG