Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:20

Элчи Кылычбек Султан президентке кайрылуу жолдоду


Кылычбек Султан.
Кылычбек Султан.

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан президент Сооронбай Жээнбековго жаңы кайрылуу жолдоду. Кайрылуунун текстин элчи "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялады. Анда Султан Тышкы иштер министрлигиндеги мыйзамсыз иштер боюнча маалыматтарды Коопсуздук кеңеши иликтей баштаганын, бул иликтөө бейтарап өтүшү үчүн президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевди, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди жана өзүн да убактылуу иштен четтете турууну өлкө башчысынан суранган.

Кылычбек Султан өз өтүнүчүн “түзүлгөн кырдаалды адилеттүү иликтөөгө кызматтык кызыкчылыктардын кагылышы тоскоол” деп түшүндүргөн.

Буга чейин Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, Тышкы иштер министрлигиндеги мыйзамсыз иштер жөнүндө айткан. Мындан соң президент Сооронбай Жээнбеков элчинин айткандарын иликтөөнү Коопсуздук кеңешине тапшырган.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги Кылыч дипломаттык кызматтын этикасын сактабаганы үчүн аны кызматтан алуу сунушун президентке бергени белгилүү болду.(BkA)

XS
SM
MD
LG