Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:06

Словакия: журналисттин өлүмүнө байланыштуу үч кишиге айып тагылды


Журналист Ян Куциак киши колдуу болгондон кийин Братиславадагы нааразылык акциялардын бири. 9-март, 2018-жыл.
Журналист Ян Куциак киши колдуу болгондон кийин Братиславадагы нааразылык акциялардын бири. 9-март, 2018-жыл.

Словакиянын баш прокурору үч кишиге иликтөөчү журналист Ян Куцияк менен анын сүйлөшкөн кызын "атайылап өлтүрүшкөн" деген айып такты. Бул тууралуу прокуратуранын маалымат катчысы 28-сентябрда билдирди. Шектүүлөр 27-сентябрда кармалышканы маалымдалды. Атайын рейд маалында кармалган дагы беш адам кое берилгенин прокуратура билдирди.

27 жаштагы Ян Куциакты жана анын сүйлөшкөн кызын быйыл февралда борбор шаар Братиславадан алыс эмес жердеги үйүнөн атып кетишкен. Бийлик журналист кесиптик ишмердигинен улам өлтүрүлгөн болушу мүмкүндүгүн дароо эле билдирген.

Ян Куциак киши колдуу болгон кезде өлкөсүндөгү саясий коррупцияны иликтеп жаткан эле. Анын өлүмү Словакияда 1989-жылы коммунизм кулагандан берки эң ири нааразылык акцияларды жана мурдагы премье-министр Роберт Фицкону кызматтан кетүүгө аргасыз кылган саясий кризисти жараткан. Бирок премьер-министр алмашканы менен үч партиянын коалициясы бийликте кала берген.

XS
SM
MD
LG