Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:51

Балыкчыдагы антитеррористтик машыгууда “Искандер-М” ракетасы атылды


“Искандер-М” ракетасынын көрүнүшү. Иллюстрациялык сүрөт.
“Искандер-М” ракетасынын көрүнүшү. Иллюстрациялык сүрөт.

“Ысык-Көл-Антитеррор-2018” машыгууларынын алкагында Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” полигонунда “Искандер-М” ыкчам-тактикалык комплекси сыналды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат бөлүмү кабарлады.

Сценарий боюнча, эл аралык ири террордук уюмдар өзүнө калканч борбор ачуу үчүн Кыргызстанга куралдуу ири тобун түшүрдү. Кыргызстан менен Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен тобу аларга чабуул жасап, жок кылуу операциясын жүргүздү.

Согушкерлердин шарттуу делген лагерлерине “Искандер-М” ракетасы атылып, Орусиянын Аба күчтөрүнүн учактары аткылоо жасашты. Кыргыз-орус тик учактары, артиллериясы тоодо жүрөт делген “жоочулардын” чогулган жерлерин аткылашты.

Эки күнгө созулган машыгууларга жалпы эки өлкөнүн эки миңдей аскер кызматкерлери, 400дөй, анын ичинде авиа техникасы тартылды.

Машыгуулардын биринчи күнү, 25-сентябрдда машыгуулар Тамчыда, “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда өттү. Анын алдында террорчулукка каршы машыгуулардын алкагында Чолпон-Атада жыйын өткөн.

Машыгууларга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикистан жана Өзбекстандын күч кызматтарынын өкүлдөрү катышып жатат. Машыгуулардын биринчи этабы ар бир өлкөнүн өзүндө өткөн.

КМШга мүчө мамлекеттердин компоненттүү органдарынын биргелешкен терроризмге каршы машыгуулары Кыргызстанда үчүнчү жолу өтүп жатат. Буга чейин 2001-жылы Ош шаарында, 2013-жылы Бишкек шаарында өткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG