Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Кытайда уйгур тектүү аткаминер текшерүүгө алынды


Нур Бекри
Нур Бекри

Кытайда этникалык уйгурлардын көрүнүктүү өкүлү Нур Бекринин ишмердиги текшерилип жатат. Бул тууралуу 21-сентябрда ССТВ телеканалы маалымдады.

- Мамлекеттик реформа жана өнүгүү комитетинин жетекчисинин орун басары, мамлекеттик энергетикалык башкармалыктын жетекчиси Нур Бекри олуттуу дисциплинардык жана юридикалык тартип бузууга шектүү болуп турат. Борбордук дисциплинардык комиссия жана Көзөмөл министрлигинин иликтөөсүнө алынды, – деп кабарлады диктор.

Бул маалымат Борбордук дисциплинардык комиссиянын сайтына да илинген. Кандай тартип бузуу болгону азырынча расмий айтыла элек. Бирок аталган комиссия Компартиянын башкы антикоррупциялык органы катары белгилүү.

57 жаштагы Нур Бекри 2008-2014-жылдары Шинжаң аймагынын губернатору болгон. Анын ишмердиги Кытайдагы азчылык улут өкүлдөрү, анын ичинде уйгурлар куугунтук көрүүдө деген кабарлар тарап жатканда иликтене баштады.

XS
SM
MD
LG