Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:35

Нарындагы шаң же тойдон тажабаган кыргыз


Иллюстрация
Иллюстрация

1998-жылы 70 жылдыгын белгилеген Нарын шаары азыр 150 жылдык мааракесин майрамдап жатат. Эмнеге мындай болуп кетти деп сураган деле киши көрүнбөйт.

Нарын шаары жакында 150 жылдыгын белгилегени турат. Бирок 20 жыл мурда эле 1998-жылы ушул эле Нарын шаары 70 жылдыгын майрамдаган.

Жок, экөө эки башка шаар эмес. Бирок жыйырма жылдык кыска убакытта цифралар гана өзгөрүп кеткен. Балким Нарын шаарында убакыт башкача эсептелеби? 1998-жылы араң эле 70ке толгон шаар 2018-жылы 150 жылдык мааракесин белгилеп жатканы кандай? Жыйырма жылды нарындыктар кантип 80 жылга көбөйтүп жиберишти? Көрсө кептин төркүнү башкада тура.

Негизи эле тоо коюнундагы чакан айылдын түптөлгөн жылы 1868-жылдарга барып такалат. Жергиликтүү тарыхчылар шаар ошол жылдары эле айыл калаа деп аталып келгенин айтышат. Андыктан быйыл Нарын шаарынын түптөлгөнүнө 150 жыл толду.

Нарын шаарынын автобекети.
Нарын шаарынын автобекети.

"Мындан жыйырма жыл мурдагы Нарын шаарынын 70 жылдыгына токтолсок, 1928-жылдын 28-январында Бүткүл Россиялык аткаруу комитетинин төрагасы Калининдин колу коюлган токтомдун негизинде Кыргыз автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасындагы шаарларды бекитүүдө республикабыздын башка шаарлары сыяктуу эле Нарын расмий түрдө шаар статусуна ээ болгон" деп жазды Нарын облустук телевидениесинин мурунку кызматкери, азыркы Нарын облустук сотунун басма сөз катчысы Барктабас Белеков өзүнүн Facebook баракчасына.

Кыскасы, кыргыз үчүн той өткөрүүнүн шылтоосу табыла берет экен. Эми бир айдан кийин кайра "Нарын шаарынын 90 жылдыгы" деп өткөрсөк деле туура болчудай.

"Өткөндө эле 150 жыл деп жаттыңар эле, эми кандайча кайра 90 жыл болуп калды?” деп бирөө капыстан байкап калса, “ал башка болчу да, бул орустардын Нарын шаары деп расмий айтканы боюнча” деп койсок сураган кишибиз деле ынанып калса керек. Балким тойду жакшы көргөн калкыбыз аки-чүкүсүн деле казбаса керек. Эң башкысы "тойго келгиле" деп чакырып коелу. Болду, жыргап тойлоп кетишсин. Башты ооруткан ашыкча суроонун кимге кереги бар, чалды-куйду ушул заманда.

Той жөнүндө пикирлер буга чейин көп эле жолу айтылып, жазылып келет. Мен дагы ошол айткандардын катарында өз оюмду билдиргим келет. Дегеле бизге Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык короткон тойду өткөрүүнүн кандай зарылдыгы бар? Балким мындай той өткөрүлдү деген отчет кайсыл бир чоңдун өзүнө керек болгондур? "Иш" кылып жатканын көргөзүшү керек да.

Бирок ошол тойду өткөрүүдө катардагы карапайым кызматкердин чөнтөгүнө эле күч келип жатпайбы. Жумушуман айдалып кетпейин же шефим жаман көрүп калбасын деп болгон күчүн жумшары бышык.

Негизи эле той өткөргөндү жакшы көрөбүз. Кайсы бир баатырдын мынча жылдык мааракеси, малчылардын жолугушуусу, карагат, өрүк, күрүч ж.б. фестивалдарды тойго айлантып, кыскасы бар күчүбүздү оюн-күлкүдөн чыгарабыз.

Өкмөт өткөргөн бул тойлор аз келгенсип кафе-ресторандарды каптаган күзгү той сезонунан кол бошобойт.

Мүнөт эмес секунд сайын өзгөрүү болуп жаткан доордо Нарындын аткаминерлери тойдон башка нерсени ойлойбу деген суроо пайда болот. Муну окушса балким алар жакшы ишти көрбөйсүң, сындагандан башка оозуңдан жакшы кеп чыкпайт дешер.

Нарындагы фестивал. 2015-жыл.
Нарындагы фестивал. 2015-жыл.

Бирок мактанарлык иш чынында көрүнбөйт. Туура, учурда Бишкек-Торугарт жолунун оңдоо иштеринен ашкан, үнөмдөлгөн акчанын эсебинен шаардын көчөлөрүнө аздыр-көптүр асфальт төшөлүп жатат.

Бирок ошону дагы туура пайдалана албай шаардагы бир көчөнүн эски асфальтын сыйрып, канализация, суу түтүктөрүнө шылтоолоп кайра казган бойдон таштап койдук. "Жумушуң болсо ал көчөдөн эптеп айда. Болбосо сени ким "кир" деп кыйнады?" деген эле мамиле.

Мындан башка Агахан фонду салып берген Эл аралык университет же эс алуу паркын айтып мактанабызбы? Ал качантан бери жогорку бийлик бутактары менен сүйлөшүлүп келаткан иш. "Газпромго" спорт комплекс курдурдук деп айтышабы, "Газпром" андай комплексти ар бир облуска бирден куруп берип жатса.

Менинче, шаарды өнүктүрүү планын иштеп чыккан бир да киши байкалбайт. Эптеп мансап күтүп, шаардын мэри аталып турайын же анын алдында иштегендер эптеп күн өтсө айлык алып үй-бүлөмдү баксам болду дегендей сезилет. Ошонун ордуна эл аралык болобу, өкмөткө болобу долбоор жазып, шаарга инвестиция тартсак жаман болмок эмес да.

Кыйраткан өндүрүшү жок, кырк миңден биртике ашыгыраак калкы бар чакан шаардын бюджети да чакан экени башкага айтпасак да белгилүү. Ошол чакан бюджетти дагы оптималдаштырабыз деп шаар элинин акыр- чикирин тазалаган, муниципалдык суу канал ишканасынын жумушчуларын 5000 сом айлык менен күнү-түнү иштеткенибизге мактанып той бергени жатабызбы? Кыскасы түшүнүксүз....

Муну менен мен бир тараптуу шаар бийлиги иштебейт же чабал дегенден алысмын. Шаар бийлиги тойду күркүрөтө уюштуруп, далай кишинин көңүлү ачылып, бети-колу майланышары шексиз. Дагы бир топ күн облус борбору бышкан эт жыттанып, токчулуктун символуна айланат. Ал жагынан биринчиликти бизден эч ким талашпай эле койсо болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG