Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Мьянманын лидери эки журналистке чыккан сот өкүмүн коргоду


Нобель сыйлыгынын ээси Ан Сан Су Чжинин Ханойдогу форумда сүйлөп жатат, 13-сентябрь, 2018-жыл.
Нобель сыйлыгынын ээси Ан Сан Су Чжинин Ханойдогу форумда сүйлөп жатат, 13-сентябрь, 2018-жыл.

Мьянманын де-факто лидери, Нобель сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи Ханой шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумда сөз сүйлөп, "Reuters" агенттигинин эки журналистине чыккан сот өкүмүн коргоду. "Алар журналист болгону үчүн соттолушкан жок. Сот аларды Мамлекеттик сырлар тууралуу мыйзамды бузду деп тапканы үчүн соттолушту. Эгер биз мыйзамдын үстөмдүгүнө ишенсек, алар доо арыз менен кайрыла алышат жана сот өкүмүн туура эмес деп эсептешсе, ал кемчиликти көрсөтүп берүүгө укугу бар" - деди Су Чжи.

Мьянма аскерлеринин колунан ажал тапкан рохинжа мусулмандары тууралуу материал даярдап келген 32 жаштагы Ва Лоун жана 28 жаштагы Со Оо былтыр декабрь айында кармалган. Сентябрдын башында Мьянманын соту аларды "мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган" деп таап, жети жылга эркинен ажыраткан.

Бириккен Улуттар Уюму да журналисттердин соттолушун Мьянмадагы сөз эркиндигин чектелиши катары мүнөздөгөн.

2017-жылдын августунда Мьянманын Ракхайн штатында миңдеген рохинжа мусулмандары коопсуздук күчтөрүнүн операциялары маалында каза таап, 700 миңден ашууну коңшу Бангладешке качууга аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG