Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:08

Карашев: Экономикалык көрсөткүч начар болууда


Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

Быйыл Кыргызстанга келчү түз инвестициянын көлөмү 247 млн. долларды түздү. Бул былтыркыга караганда 33,2% пайызга аз. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев статистикалык маалыматтарга таянып билдирди. Ал сегиз айда өнөр жай тармагы 9,3 пайызга, экспорт 1,6% төмөндөгөнүн айтты. Ошол эле кезде импорт 20% өскөн.

- Ички дүң өндүрүм терс көрсөткүчү менен баратабыз. -0,3%. Түз келчү инвестиция 247 млн. доллар болуп 33,2% терс көрсөткүч менен баратабыз. Инвестициянын чыгып кетүүсү 236 млн. доллар. Айырма 10 млн. доллар эле болуп жатат. Бул жакшы эмес көрсөткүч. Жыл аягына чейин үч ай эле калды. Кескин чара көрүп, өндүрүшкө көңүл бурбаса акыбал жакшы болбой калат.

Буга чейин өкмөт 2018-жылдын башынан тарта июнь айынын аралыгында ички дүң продукциянын көлөмү 213,6 миллиард сомду түзгөнүн билдирген. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 0,1 пайызга өстү дегенди билдирет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG