Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

Ташкент: Ислам академиясынын студенттери хижабдын айынан окуудан айдалды


Ташкенттеги Эл аралык ислам академиясынын жарнамалар тактасы (сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Ташкенттеги Эл аралык ислам академиясынын жарнамалар тактасы (сүрөт качан тартылганы белгисиз)

Ташкенттеги Эл аралык ислам академиясынын төрт студенти хижабды чечүүдөн баш тартканы үчүн окуудан чыгарылды. Дагы алтымыш студентке эскертүү берилди. Администрациянын басымынан улам 124 студенттин алтымышы сабакка улуттук топу кийүүгө аргасыз экенин айтышкан.

1999-жылдагы Ташкенттеги бир катар жардыруулардан кийин коомдук жайларда хижаб кийип, сакал коюп жүрүүгө тыюу салынган. Өзбек бийлиги хижаб кийүүгө каршы күрөштү бир нече жылдан бери жүргүзүп келет.

Жакында эле Казакстандын Түркстан облусунун Фирдауси айылындагы орто мектепте да жоолукка байланыштуу чуу чыгып, акыры 203 кыздын 169у жоолугун чечүүгө макул болушту. Алар менен атайын психологдор жана теологдор кирген топ иштеп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

XS
SM
MD
LG