Түштүк Корея 2032-жылкы жайкы Олимпиада оюндарын тосууга Түндүк Корея менен бирге арыз берүүнү көздөп турат. Бул тууралуу Түштүк Кореянын спорт министри билдирди.
“Йонхап” маалымат агенттигинин кабарына караганда, Түштүк Кореянын спорт министри То Чонхван 12-сентябрда Токиодогу сапары учурунда мындай сунуш Корей жарым аралында “тынчык орнотуу” мүдөөсүн аркаларын белгиледи.
Түштүк Корея министринин айтымында, план боюнча Сеул жана Пхеньян Олимпиаданы бирге тосуусу керек.
Быйыл Пхенчхандагы кышкы Олимпиадада Түштүк жана Түндүк Корея хоккей боюнча аялдар мелдешинде бир команда болуп чыгышты.
Буга чейин эки Корея 1988-жылы Сеулда өткөн жайкы Олимпиаданы да бирге тосууну талкуулашкан, бирок оюндарды кантип бөлүшүүнү макулдаша албай сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган.
Министр То Чонхван Токио футбол боюнча 2030-жылкы дүйнө чемпионатын эки Корея, Кытай жана Жапония болуп чогуу тосуусуну пландап жатканын да жарыялады. (UE)