Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:01

Сагынбаев: Түркия 130 кишинин тизмесин берген эмес (видео)


Түркия диний аалым Фетхуллах Гүлендин кыймылы менен байланышы бар деген 130 кишинин тизмесин Кыргызстанга берген эмес.

Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 12-сентябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйында билдирди:

- Бул маселеТүркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келгенден бери маалымат каражаттарында жазылып жатат. Мен расмий айта алам. Түрк тараптан Кыргызстанга эч кандай тизме берилген эмес. 130 кишинин тизмеси тууралуу маалымат ойдон чыгарылган деп ойлойм. Атайын кандайдыр бир резонанс жаратуу үчүн Кыргызстанда таратылып жаткандай. Ал эми "Сапат" биздин Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте иштеген мекеме. Аны жабуу жана имараттарын, башка мүлктөрүн толук "Маариф" фондуна өткөрүү тууралуу маселе каралган жок. Мекеме өз алдынча иштеп, биздин балдарга билим берүүнү улантат.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган сентябрдын башында Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткенден кийин түркиялык "Хүрриет" басылмасы Анкара кыргыз бийлигине Фетхуллах Гүлендин кыймылынын 130 мүчөсүнүн тизмесин бергенин жазып чыккан. Маалыматта кыймылдын жергиликтүү 13 лидерин Анкарага дароо өткөрүп берүү талабын койгону айтылган. Кыргызстандагы "гүленчилердин" аты-жөнү ачык жазылган эмес, бирок алар түрк жарандары экени белгилүү болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги түрк медиасындагы бул маалыматты ырастаган эмес.

Режеп Тайып Эрдоган Бишкекте президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканда, андан соң Ысык-Көлдө өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун саммитинде да Фетхуллах Гүлендин кыймылына байланышкан маселени көтөргөн.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат 10-сентябрда Бишкектеги маалымат жыйында Гүлендин кыймылы боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын айткан. (NT)

XS
SM
MD
LG