Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Путин: Скрипалдар боюнча айыпталгандар - жөнөкөй жарандар


Александр Петров жана Руслан Боширов.
Александр Петров жана Руслан Боширов.

Орусия президенти Владимир Путин 12-сентябрда Владивостокто, Чыгыш экономикалык форумда сөз сүйлөп жатып, Британия кылмышка шектүү деп эсептеген адамдар тууралуу пикирин айтты.

“Биз, албетте, алар кандай адамдар экенин карап көрдүк жана алар кимдер экенин билебиз. Биз аларды таптык, алар жөнөкөй жарандар. Силерди ишендирип коёюн, ал жерде адаттан тыш жана криминалдык нерсе жок”,- деп ырастады Путин.

Орус президенти кылмышка шектүүлөр окуя боюнча өз версиясын айтып бере аларын кошумчалады.

Британиянын бийликтери мурдагы тыңчы Сергей Скрипалды жана анын кызын “Новичок” химиялык заты менен Орусиянын башкы аскерий чалгын мекемеси – ГРУнун эки агенти ууландырганын, алардын ысымдары Александр Петров жана Руслан Боширов экенин жарыялаган. Ошондой эле аларды камакка алуу боюнча европалык көрсөтмө чыкканын да билдиришкен.

Скрипалдар Солсбери шаарында ууландырылгандан кийин ооруканада бир нече апта жатып чыгышкан. Британия жана анын өнөктөштөрү ууландыруунун артында турганы үчүн Орусия бийлигин күнөөлөгөн, Москва айыптоолорду четке каккан. Ууландыруу окуясына байланыштуу АКШ өткөн айда Орусияга каршы жаңы экономикалык санкцияларды киргизген. (UE)

XS
SM
MD
LG