Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:14

Айтуганов: Казак көкбөрүчүлөрү жарым финалда Өзбекстанга атайын утулган жок (видео)


Шынболат Айтуганов. 7-сентябрь, 2018-ж.
Шынболат Айтуганов. 7-сентябрь, 2018-ж.

Казакстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жарым финалында Өзбекстандын командасына атайын утулган жок. Мындай пикирин Казакстандын көкбөрү командасынын оюнчусу Шынболат Айтуганов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтуусунда, "казакстандыктар финалдык таймашка чыкпоо үчүн атайын жарым финалда өзбек улакчыларына утулуп калды" деген пикир чындыкка жатпайт.

- Оюн болгондон кийин ошондой болот экен. Бардык жерде биринчи орунду ала бербейбиз да. Бул спорт. Жарым финалда Өзбекстандын командасына казак улакчылары атайын утулуп калды деген туура эмес. Спорт болгон жерде атайын утулуу деген болбойт. Ким эле биринчи орунду алгысы келбесин. Мен минген “Маймак” аты жакшы ат экен. Жалпы биз минген аттардын бардыгы жакшы болду. Негизи команда тандап ойнобойбуз. Бизге бардыгы бирдей. 3-орун үчүн Москва менен ойнодук. Андай команда табылбайт го. Аларды жеңип 3-орунду алганыбызга өкүнбөйбүз. Алланын насип кылганы ушул экен,-деди Айтуганов.

ДКО: Көк-Бөрү. 3-орун үчүн беттеш. Казакстан-Москва (Орусия) 17:1

Казакстандын улуттук курама командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында 3-орунду алды. Бүгүн 7-сентябрда коло байге үчүн беттеште казак көкбөрүчүлөрү Орусиянын Москва шаарынын командасын 17:1 эсебинде жеңип алды.

Казакстандыктар бул мелдеште жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. Алгач тайпалык оюндарда Красноярскты 15:3, АКШ командасын 20:9 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан эле.

Жарым финалда Өзбекстандын командасына 4:5 эсебинде жеңилип, алтын байге үчүн күрөштөн четтеп калган.

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында көкбөрү боюнча мелдеште Кыргызстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы жеңүүчү болду. Финалда кыргыз көкбөрүчүлөрү Өзбекстандын командасын 32:9 эсебинде жеңип алды. (SDZ/ECh)

XS
SM
MD
LG