Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:50

"Левада-борбору": Орусияда социалдык чыңалуу жогорулады


Орусиядагы бийлик жарыялаган пенсиялык реформага каршы акция. 5-сентябрь, 2018-жыл
Орусиядагы бийлик жарыялаган пенсиялык реформага каршы акция. 5-сентябрь, 2018-жыл

Орусиялык "Левада-борбору" эл арасында социалдык чыңалуу кескин жогорулаганын маалымдады. Август айында сурамжылоого катышкан орусиялыктардын 72 пайызы баалар өсүп жатканын айтышса, суралгандардын жарымы "эл жакырланып баратат" деген оюн билдиришкен. Ар бир үчүнчү киши экономикалык кризиске жана кирешелер акыйкат бөлүштүрүлбөй жатканына нааразы болушкан. Мындан тышкары маданияттуулук менен моралдык кризис, экологиянын начарлашы, кылмыштуулук менен оору-сыркоо көбөйгөнүнө ичимтап болгондор да арбыган.

Социологдор сурамжылоодогу ар бир пункт боюнча нааразылык өткөн жылга салыштырганда 30% жогорулаганын белгилешкен.

XS
SM
MD
LG