Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:46

Александр Захарченконун сөөгү жабык табыт менен көмүлөт


Захарченконун сөөгү салынган жабык табыт Донецктин опера жана балет театрынын имаратына алынып келинди.
Захарченконун сөөгү салынган жабык табыт Донецктин опера жана балет театрынын имаратына алынып келинди.

Донецк шаарында эл өзүн "Донецк Элдик Республикасы" деп атап алган аймактын жетекчиси Александр Захарченко менен коштошуп жатат.

Захарченконун сөөгү салынган жабык табыт Донецктин опера жана балет театрынын имаратына алынып келинди. Администрациянын маалыматына караганда, эки саатта эле Захарченко менен коштошууга келгендердин саны 120 миң адамга жетти. Тажияга Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Наталья Поклонская жана аннексияланган Крымдын башчысы Сергей Аксенов да келди.

Буга чейин президент Владимир Путин менен премьер-министр Дмитрий Медведев көңүл айтуу каттарын жарыялаган.

Александр Захарченко 31-августта Донецктин чок ортосундагы "Сепар" кафесиндеги жардырууда набыт болгон. Окуядан анын жансакчысы да мүрт кетип, дагы 12 киши жаракат алган.

Жардыруудан кийин 14 киши кармалган. "Донецк Элдик Республикасынын" бийлиги кармалгандардын төртөө украин атайын кызматтары менен кызматташканын мойнуна алды деп билдирүүдө. Украинанын Омбудсмен институтунун Донецк жана Луганск облустарындагы өкүлү жикчилдер кармалгандардан кыйнап көрсөтмө алып жатышканын айтты.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Захарченконун өлүмүнө Украинаны айыптады. Жикчилдердин өкүлдөрү болсо, аймактын лидеринин өлүмүнө Украинанын атайын кызматтарынын катышы барын далилдеген маалыматтар берилерин убада кылды.

Украинанын коопсуздук кызматынын башчысы Василий Грицак бардык айыптоолорду четке какты. Анын айтымында, Захарченконун өлүмү - күбөлөрдү жок кылуу же жикчилдердин коммерциялык кызыкчылыктардан улам болгон өз ара чатагы.

2014-жылы Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарын Орусия колдогон жикчилдер өз ара республика атап алышкан. Ошондон бери алар борбордук өкмөткө баш ийбей, украин аскерлери менен согушуп келет. Захарченко жикчил аймактын башына 2014-жылдын август айында келген.

БУУнун эсеби боюнча Украинанын чыгышында 2014-жылдын жазында тутанган куралдуу кагылышуулардан ушул күнгө чейин 10 миң 300дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG